Кадамжай районундагы Совет айылында суу менен камсыздоо боюнча жаңы система ишке киргизилди. Бул иш-чара «Климаттын өзгөрүшүнө туруктуу суу чарбалык кызматтарды жакшыртуу» долбоорунун алкагында ишке ашырылды.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин билдирүүсүнө таянса, жаңы системанын жардамы менен айылдын жашоочулары таза суу менен үзгүлтүксүз камсыз боло баштоодо.

Жыйынтыктар

2000жашоочу
1жаңы система
Бул региондогу санитардык-гигиеналык абалды жакшыртууга өбөлгө түзөт жана инфекциялык оорулардын алдын алууга олуттуу салым кошот.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Жаңы курулган суу түтүктөрү айыл тургундарынын жашоо деңгээлин көтөрүп, ден соолукту сактоо боюнча маанилүү кадам болуп саналат.