Бишкек шаарында «Кыргыз Республикасынын жашыл энергетикасы: илимди, инновацияларды жана инвестицияларды өнүктүрүү» форуму ачылды. Иш-чаранын жүрүшүндө жашыл энергетика тармагына инвестиция салуучуларга 5 жылдан 15 жылга чейинки мөөнөткө туруктуу жана алдын ала айтылган шарттар керек экени айтылды.
Жашыл энергия булактарын колдонуучу электр станциялары ассоциациясынын башкармалыгынын төрагасы Кундус Кырбашеванын айтымында, учурдагы салык жеңилдиктерин Салык кодексинде стабилизациялоо механизми аркылуу 10–15 жылдык мөөнөткө бекитип коюу зарыл.
Ассоциациянын жетекчиси мамлекет, жеке сектор жана университеттер ортосундагы тыгыз кызматташтыктын маанилүүлүгүн баса белгиледи. Ал университеттерди жаңы технологияларды сыноо аянтчасы катары колдонууну сунуштады. Учурда ассоциация микрогенерация боюнча иш алып барып, бизнес тарабынан көтөрүлгөн демилгелерди мамлекеттик деңгээлге жеткирүүдө.
Энергетика системасын өнүктүрүүнүн негизги багыттары катары төмөнкү тармактар белгиленди:
- Кичи ГЭСтер
- Энергияны топтоочу жана сактоочу системалар
- Энергиянын натыйжалуулугу
Ошондой эле, жасалма интеллектти колдонуу электр энергиясына болгон суроо-талапты жана жабдуулардын бузулуу тобокелдиктерин алдын ала болжолдоого мүмкүндүк берет.










