Кыргыз Республикасынын Генпрокуратурасынын алдындагы Сот аткаруучулар кызматы 2026-жылы январь-июнь айларында жалпы 2 миллиарден ашык сом өндүрдү.
Өндүрүлгөн сумма (сом)
2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында Кыргыз Республикасынын Генпрокуратурасынын алдындагы Сот аткаруучулар кызматы жалпы 2 млрд 376 млн 713 миң 883 сом суммада карыздарды өндүрдү. Бул сумма мамлекетке жана жеке секторго карата өндүрүлгөн акчаны камтыйт.
Өндүрүлгөн жалпы акчанын ичинен 667 миллион 191 миң 702 сом мамлекеттин пайдасына өндүрүлүп, ал эми 1 миллиард 709 миллион 522 миң 181 сом юридикалык жактарга, банктарга, кредиттик уюмдарга жана жарандарга берилди.
Ошондой эле, алименттер боюнча өндүрүлгөн сумма 466 миллион 688 миң 210 сомду түздү. Мүлктү конфискациялоо боюнча иштердин негизинде 42 миллион 921 миң 402 сом пайдалануучулардын пайдасына өндүрүлгөн.
Жакшыраак сунуштарды алуу үчүн кириңиз
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!
