Бүгүнкү күндө гезиттин тиражы 4,5 миң нускага жакын, редакцияда 27 кызматкер эмгектенет. Бул тууралуу Жазгүл Карбосова мааракелик иш-чарада билдирди.
Басылманын негизги өзгөчөлүгү – мамлекеттик маанидеги расмий документтерди жарыялоо. Президенттин жарлыктары, тескемелери жана Жогорку Кеңеш кабыл алган мыйзамдар мамлекет башчысы кол койгондон кийин гезитте жарыяланат. Мыйзамдардын күчүнө кирүү мөөнөтү алардын расмий жарыяланган күнүнөн тартып эсептелет.
«Эркин-Тоону» интернеттен эле окуса болот деген пикирге кошулбайм. Гезит расмий басылма гана эмес, архивдик документ катары да сакталат. Ал өзгөчө статуска ээ.
Карбосова басылма санариптик багытта да активдүү өнүгүп жатканын баса белгиледи. Гезиттин сайты жана социалдык тармактагы баракчалары дайыма жаңыланып турат. Инстаграм, YouTube жана Facebook баракчаларынын жалпы аудиториясы он миңдеген окурмандарды түзөт.
Гезиттин көлөмү жарыяланган материалдардын жана мыйзамдардын санына жараша өзгөрүп турат. Айрым сандар 16, 32 же 48 беттен чыкса, жакында 128 беттик номер жарык көргөн.
«Эркин-Тоо» гезити сандарда
Печаттык нускадагы маалыматтар сайт жана социалдык тармактар аркылуу да окурмандарга жеткирилет. Ошентип, гезит салттуу формат менен санариптик аянтчаларды айкалыштырып, расмий маалыматтын жеткиликтүүлүгүн камсыздайт.











