Бактыгүл Кубатаеванын эмгек жолу «Эркин-Тоо» гезитинде корректорлук кызматтан башталган. Ал окууну аяктагандан кийин дароо редакцияга корректор болуп киргенин айтат. Анын айтымында, бул кызмат башка гезиттерге салыштырмалуу өзгөчө жоопкерчиликти талап кылат: ар бир сөзгө жана тамгага кылдат мамиле кылуу зарыл.
Корректорлуктан кийин Кубатаева «Нормативдик актылар» тиркемесинде иштеп, ошол эле учурда ар кандай темалардагы материалдарды даярдап, жогорку мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн интервью алган.
2021-жылдан тарта Бактыгүл Кубатаева гезиттин жооптуу катчысы кызматын аркалап келет. Бул кызматта ал кабарчылар менен иштешүү, барактарга материалдарды жайгаштыруу, рубрикаларды даярдоо, тексттерди текшерүү жана басмакана менен байланышуу сыяктуу иштерди аткарат.
Кубатаева эмгек жылдарында бир катар тажрыйбалуу редакторлордун жетекчилиги астында иштеп, алардан кесиптик чеберчиликти үйрөнгөнүн белгилейт.
Анын айтымында, ар бир редактордун эмгеги жана тажрыйбасы анын кесиптик калыптанышына таасирин тийгизген.










