Билим берүүдөгү баалоо жана окутуу методдору борбору кышкы Жалпы республикалык тестирлөөгө (ЖРТ) 1453 абитуриент катталганын маалымдады.
Борбордун маалыматына ылайык, 990го жакын абитуриент тестти Бишкекте, 460тан ашыгы Ош шаарында тапшырууну каалайт.
Сыноонун мөөнөттөрү
ЖРТнын алдын ала мөөнөтү 20-22-ноябрь күндөрүнө белгиленди. Катталууга үлгүрбөй калган абитуриенттер үчүн 19-ноябрда кошумча каттоо өткөрүлөт.
Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына кышкы кабыл алуу бош келишимдик орундарга гана жүргүзүлөт.
Кимдер сыноого киргизилбейт
- 2027-жылкы бүтүрүүчүлөр (мектептердин 11-классынын окуучулары же техникумдардын, колледждердин акыркы курстарынын студенттери)
- Жогорку окуу жайлардын студенттери







