Бишкек шаарында Үй-бүлө, сүйүү жана берилгендик күнү салтанаттуу түрдө белгиленип, Бишкек жана Кыргызстан епархиясынын конференц-залында майрамдык иш-чара өттү.

Иш-чарада 25 жылдан ашык чогуу турмуш туткан 18 жубай сыйланды. Алардын арасында 60 жылдан ашык убакыт бирге болгон жубайлар да бар.

"Сүйүү жана берилгендик үчүн" медалдарын Бишкек жана Кыргызстан епискоби Савватий менен Кыргыз Республикасындагы Россотрудничество өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Альберт Зульхарнеев тапшырды.

Бул жылы өлкө боюнча Бишкек, Ош, Кант, Токмок, Балыкчы жана Манас айылында жалпысынан 35 жубай эстелик медалдары менен сыйланышты.

Майрамдын расмий символу болгон ромашка гүлүнүн топтомдору бардык катышуучуларга белек кылынды, бул гүл тазалыкты жана берилгендикти билдирет.