«Элдик Банк» айыл чарбадагы уруктарды өстүрүү жана питомниктерди өнүктүрүүгө багытталган насыя линиясын сунуш кылууда. Бул программа Кыргыз Республикасынын агрардык секторунун өнүгүшүнө көмөк көрсөтүү максатында түзүлгөн.
Насыяны кимдер ала алат?
Насыя семеноводдук чарбаларга жана питомниктерге берилет.
- Семеноводдук чарбалар – агрардык культурлардын уруктарын өстүргөн расмий катталган ишканалар.
- Питомниктер – жемиштер жана мөмөлөр үчүн багбанчылык материалды өстүрүп, саткан чарбалар.
Насыянын максаттары
- Семеноводдук чарбалар үчүн: чет өлкөдөн алынган уруктарды сатып алуу; жогорку репродукциядагы уруктарды өстүрүү жана сатуу; урукту тазалоо жана дарылоо үчүн жабдууларды алуу.
- Питомниктер үчүн: чет өлкөдөн келип чыккан багбанчылык материалды сатып алуу; көп жылдык өсүмдүктөрдүн саженецтерин өстүрүү жана сатуу; саженецтерди отургузуу жана иштетүү жабдууларын алуу.
Насыянын шарттары
- Проценттик ставка – 3% (ЭПС – 3,04%).
- Насыя мөөнөтү – 36 айга чейин.
- Жеңилдик мезгили – 12 айга чейин.
- Суммасы: кепилдиксиз – 300 миң сомго чейин; кепилдик менен – 10 миллион сомго чейин.
«Элдик Банк» менен бирге айыл чарбаны өнүктүрүү жолунда биргеликте кадам таштайлы. Насыянын бардык деталдары жана талаптары тууралуу жакынкы филиалдан кеңири маалымат алсаңыздар болот.











