Кыргызстанда тарыхый жана маданий эстеликтердин тизмесинен объектилерди чыгарууга мораторий киргизүү пландалууда. Бул тууралуу бүгүн министр Мирбек Мамбеталиев журналисттерге билдирди.
Министрдин айтымында, бул багытта министрлик мыйзам долбоорун иштеп чыгууда.
Жакында гана өкмөт республика маанисиндеги эстеликтер тизмесинен Республикалык көз ооруканасынын имараты менен Туберкулез институтунун имараты чыгарылган.
Мындан мурдараак, "Кыргызстан Аба Жолдору" авиакомпаниясынын (мурдагы "Аэрофлот" агенттиги) имараты жана 1980-жылдары курулган улуттук кафенин жазгы аянтчасы да тизмеден алынып салынган.
Мамлекеттик тизмеден чыгарылган жана жоголуп жаткан эстеликтердин катары мындан дагы кеңири экени белгиленүүдө.














