ABank өлкөнүн дары-дармек жана медициналык өнүмдөрдү өндүрүүчү ишканаларын мамлекеттик деңгээлде колдоону көздөгөн жеңилдетилген насыя берүү программасын ишке киргизди.
Насыялар 3% жылдык ставка менен 10 жылга чейин жана 5% жылдык ставка менен 12 жылга чейин берилет. Насыянын минималдуу көлөмү 50 миң сомдон башталат, ал эми негизги карызды төлөө боюнча жеңилдетилген мөөнөт 24 айга чейин каралган.
Программа GMP жана ISO 13485 эл аралык сапат стандарттарын өндүрүшкө киргизген ишканаларды колдоого багытталган. Финансылык каржылоонун каражаттары өндүрүштүк жайларды модернизациялоого, объекттерди куруу жана реконструкциялоого, заманбап жабдууларды алууга, сапатты контролдоо лабораторияларын түзүүгө, кызматкерлерди окутууга жана өндүрүштү эл аралык талапка ылайык келтирүүгө сарпталат.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин макулдугун алган жана өлкөдө катталган өндүрүүчүлөр бул программадан пайдалана алат. Максат - фармацевтикалык жана медициналык продукциянын сапатын жогорулатып, өндүрүштү Евразия экономикалык биримдигинин талаптарына шайкеш келтирүү.

