Жаңы колдоо чарасы компанияларды сырткы рынокторго чыгууга стимулдаштырууга багытталган. Ишкерлерге эл аралык сертификаттарды алууга, кайра сертификациялоого жана эл аралык лабораторияларда анализ жүргүзүүгө кеткен чыгымдардын бир бөлүгүн төлөп берүү пландалууда.
Урмат Такиров белгилегендей, сертификаттардын болушу чет элдик сатып алуучулардын маанилүү талаптарынын бири. Мисалы, тамак-аш продукциясын экспорттоо үчүн ISO 22000, FSSC 22000 же BRC стандарттары талап кылынышы мүмкүн.
Бирок сертификация олуттуу каржылык чыгымдарды талап кылат, ошондуктан көптөгөн ишканалар буга инвестиция салууга даяр эмес.
Мамлекет аларга жакшы тажрыйбаны көрсөтүшү керек деп эсептейбиз. Сертификацияга кеткен чыгымдардын бир бөлүгүн төлөп берүү менен, биз бул процесстин баалуулугун көрсөткүбүз келет.
Ал эл аралык сертификаттардын болушу компаниялардын экспорттук кирешесине олуттуу таасир этип, жаңы рынокторго жол ачаарын кошумчалады.
Сертификациянын негизги стандарттары















