Кыргызстанда экспортко чыгарылуучу азыктарга ветеринардык сертификаттарды берүү азыртан «Тулпар» автоматташтырылган маалымат системасы аркылуу ишке ашат. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Сертификат алуучу ишкердик тутумга электрондук арыз менен кайрылат. Ветеринардык адис арызды карап чыгып, продукциянын ветеринардык-санитардык талаптарга шайкеш экенин текшерет.

Текшерүү учурунда продукциянын чыгарылган датасы, колдонуу мөөнөтү жана кошумча документтер тууралуу маалыматтар системага киргизилип, алардын чын-төгүнүн ырасталат.

Продукциядан лабораториялык үлгүлөр алынат жана изилдөөлөрдү аяктагандан кийин жыйынтыктар автоматташтырылган системага киргизилет.

Лабораториянын жыйынтыгына ылайык продукция бардык талаптарга жооп берген учурда, ветеринардык адис экспорттук сертификатты «Тулпар» тутуму аркылуу кайра берип берет.

«Тулпар» системасы ветеринардык кызматтарды цифрлаштырууга мүмкүнчүлүк берүү менен, сертификаттарды берүү процесси ачык, көзөмөлдөөнү жеңилдетет жана даярдоо мөөнөтүн кыскартат.