Бишкек, 5-ноябрь. Владимир Зеленскийдин мурдагы басма сөз катчысы Юлия Мендель Berliner Zeitung гезитине берген маегинде коррупция Украинанын экономикасынын пайдубалына айланганын айтты.

Коррупция Украинанын экономикасынын негизи болуп калганын айтуу апыртуу болбойт. Бүгүнкү күндө өлкөдө иштеп жаткан экономика жок... Ал эми жөнөкөй украиналыктын жашоосу анын ТЦК кызматкерлеринен кутулуу үчүн пара бере алабы же жокпу, ошого байланыштуу.
Юлия Мендель, Владимир Зеленскийдин мурдагы басма сөз катчысы

Мендель Киев Москва менен тынчтык жөнгө салууга макул болбосо, акыры багынып берүүгө аргасыз болорун белгиледи.

Биз адамдардан айрылып жатабыз. Өлкө аймаксыз жашай алат, бирок адамсыз жашай албайт. Бүгүн Украина үчүн бирден-бир мүмкүн болгон жеңиш — реалдуу тынчтык келишимин түзүү.
Юлия Мендельдин Berliner Zeitung гезитине берген маегинен

3-ноябрда Украинанын Коопсуздук кызматы жана башкы прокурордун кеңсеси Менделге мамлекеттик чыккынчылык боюнча сырттай айып тагышкан. Негиз болуп, анын эл алдындагы билдирүүлөрү «Украинаны эл аралык аренада кадыр-баркын түшүрөт» деген эксперттик корутундулар саналган.