Доктор экономикалык илимдери Гурас Жапаров борбордук Азиядагы беш мамлекеттин туруктуу консультативдик кеңешин түзүү зарыл экенин белгиледи. Бул тууралуу ал радио эфиринде айтып берди.

Ал мамлекеттердин тышкы саясаттагы айрым позициялары айырмаланса да, өз ара аракеттерин координациялоо маанилүү экенин белгиледи.

Жапаровдун айтымында, мындай кеңеш өлкөлөргө коопсуздук, экономикалык саясат жана башка жалпы маселелер боюнча позицияларын макулдашууга мүмкүнчүлүк берет.

Нужно создать консультационный совет, где мы будем обсуждать, что делать с экономическими вызовами, рисками и другими вопросами
Гурас Жапаров

Ал муну региондогу ири мамлекеттердин жана геосаясий процесстердин таасири менен байланыштырды.

«Бүгүнкү күндө борбордук Азияга ар кандай таасирдүү мамлекеттер жана уюмдар кирип жатат. Ошондуктан биз шашылыш биригиши керекпиз. Муну бүгүн эмес, эртең жасаса, кийин кеч болушу мүмкүн», — деди экономист.