Бишкекте «Транспорттук байланыш: эл аралык коридорлор экономикалык өсүш жана капиталды тартуу фактору катары» деген темада тегерек стол ачыкены. Иш-чарага Евразия экономикалык бирлигинин Энергетика жана инфраструктура министри Арзыбек Кожошев катышты.

Министрдин айтымында, Евразия транспорттук коридорлору бир убакта тездик, ишенимдүүлүк жана алдын ала айтуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат. Ал ЕАЭБ жаңы түзүлүп жаткан логистикалык системанын негизги өзөгү боло аларын баса белгиледи.

Талкуу учурунда аймактагы алдыңкы транспорттук-логистикалык компаниялардын жетекчилери менен биргеликте жеткирүү чынжырларын түзүү, контейнердик ташуулардын келечеги жана санариптик трансформация шарттарында транспорт тармагы үчүн кадрларды даярдоо маселелери каралды.

Бул жылы биз ЕАЭБдин координацияланган транспорттук саясатын ишке ашыруу боюнча үч жылдык планын аяктап жатабыз жана кийинки үч жылдык мезгилге максаттарды жана милдеттерди аныктап жатабыз. Ошондуктан тегерек столдун алкагында иштелип чыккан сунуштар биз үчүн абдан баалуу.
Арзыбек Кожошев, ЕЭКтин Энергетика жана инфраструктура министри

Иш-чаранын жыйынтыгында ЕЭКтин Транспорт жана инфраструктура департаменти менен КСТПнын Секретариаты 2027-2029-жылдарга карата өз ара аракеттенүү планын кол коюу менен бекитишти.