Транскаспий эл аралык транспорттук маршрутун өнүктүрүү үчүн төрт практикалык кадам сунушталды. Бул тууралуу соода процедураларын жөнөкөйлөтүү боюнча улуттук комитеттердин регионалдык жолугушууда Экономика жана коммерция министрлигинин бажы саясаты жана инфраструктураны өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Айдарбек Самыкбаев билдирди.

Сунушталган чаралар

  1. Мамлекеттер аралык милдеттенмелерди бекитүү жана ар бир өлкөдө транзит боюнча координаторлорду дайындоо.
  2. Бардык багыттарды бир убакта макулдашуунун ордуна, бир участокто жана белгилүү бир жүк категориясы үчүн пилоттук долбоорлорду ишке киргизүү.
  3. Чек арадан өтүү процессин тездетүү: электрондук документтердин бирдиктүү пакети, алдын ала электрондук декларациялоо жана текшерүүлөрдү кыскартуу.
  4. Логистикалык чынжырды модернизациялоо: темир жол жана порт инфраструктурасын жакшыртуу, тарифтерди жана бажы процедураларын бирдейлештирүү.

Ошондой эле, министрлик улуттук электрондук логистика системасын түзүүнү пландап жатат. Бул документти Азия өнүктүрүү банкы колдоп берди, учурда техникалык-экономикалык негиздемени даярдоо иштери жүрүп жатат.