Транспорт жана транзит боюнча подкомитеттин жыйынында тараптар чек арадагы жол-жоболорду жөнөкөйлөтүүнү, каттам карталарын берүүнү жана «Түндүк—Түштүк» коридору боюнча темир жол жүк ташууларын санариптештирүүнү карашты. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын билдирүүсүнө таянып Tazabek жазат.
Ошондой эле ЕАЭБ менен Ирандын транспорттук ишмердүүлүгүнүн шарттары жөнүндө маалымдама даярдоо боюнча макулдашууга жетишилди. Ага эл аралык келишимдер, улуттук ченемдик актылар жана электрондук документтерди колдонуу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалыматтарды киргизүү пландалууда.
Катышуучулар ошондой эле Орусия аркылуу транзит учурунда бажылык жол-жоболоштурууну жана документ айлануусун кыскартууну талкуулашты.
Подкомитеттин кийинки жыйыны 2027-жылы ЕЭК өкүлдөрүнүн төрагалыгы астында өтөт.









