Экономика министрлиги ишкерлер үчүн атайын электрондук платформаны ишке киргизүүнү пландап жатат. Бул платформа аркылуу ишкерлер мамлекеттик органдарга уруксат берүүчү документтерди алуу үчүн арыздарды онлайн тапшыра алышат. Бул тууралуу 19-ноябрь күнү радио эфирде Экономика министрлигинин ишкердикти өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Нурбек Уметалиев билдирди.

Уметалиевдин түшүндүрмөсүнө караганда, платформа аркылуу жөнөтүлгөн арыз тиешелүү мамлекеттик органга түшүп, ал эми орган өз жообун электрондук форматта берет. Учурда жеке ишкерлер ар бир мамлекеттик мекемеге өзүнчө кайрылууга мажбур болуп жатышат.

Аталган система ишкерлерди мыйзамдардагы өзгөрүүлөр, ар кандай чакыруулар жана иш-чаралар жөнүндө кабардар кылуу үчүн да колдонулат. Ошондой эле платформада мыйзамдардын талаптары боюнча маалыматтар жайгаштырылат.

Министрлик кызматкеринин айтымында, азыркы учурда региондордогу ишкерлер маалыматты толук көлөмдө албай жатышат. Мындан тышкары, платформа аркылуу насыяларды онлайн алуу мүмкүнчүлүгүн караштыруу үстүндө турат.