Жогорку Кеңештин депутаты Медер Чотонов Финансы, бюджет, ишкердүүлүктү өнүктүрүү жана атаандаштыкты камсыздоо боюнча комитеттин жыйынында Талас облусундагы фасоль кабыл алуу пунктунун иштөө тартиби боюнча маселе көтөрдү. Анын сунушу боюнча, пункттарды күнү-түнү иштетүү зарыл.

Депутаттын айтымында, бийлик фермерлерден фасоль сатып алуу үчүн 2 миллиард сом бөлүп берген, бирок 300 миңдей адам жашаган аймакта болгону бир гана кабыл алуу пункту иштеп жатат.

2 млрд сом

фермерлерден фасоль сатып алууга бөлүнгөн каражат

Учурда кабыл алуу пункту саат 18:00дө жабылып калгандыктан, дыйкандар түшүмдү тапшырууга жетишпей жатышат. Ошол себептүү Чотонов продукцияны күнү-түнү кабыл алуу үчүн ишти эки сменага өткөрүп, тиешелүү жарыктандырууну камсыз кылууну сунуштады.

Ошондой эле фасольду кабыл алуу шарттарына да сын айтылды. Бир жолу фермерден бир тоннадан ашык эмес продукция кабыл алынып, анын бештен бири брак катары четке кагылышы мүмкүн экени белгиленди.

Фермерлер алар менен одоно мамиле кылышканы тууралуу даттанышат. Фасоль кабыл алуучулар менен сүйлөшүп, ишти жөндөө керек. Адамдар эмгектенип, түшүм чыгарышат, бирок аягында алардын эмгеги акталбайт.
Медер Чотонов

Мындан тышкары, депутат жакындап келе жаткан кыш мезгилин эске алып, түшүм тапшыруу үчүн күтүп жаткан дыйкандарга ысык чай жана тамак-аш уюштурууну сунуштады.