Президенттик академиянын Түндүк-батыш башкаруу институту Кыргызстандын мектеп окуучулары үчүн акысыз онлайн-курстарды баштайт. Бул мүмкүнчүлүк 11-класстын окуучулары жана колледжди аяктаган жаштар үчүн каралган.
Эки айлык окутуу мөөнөтүндө жогорку окуу жайдын окутуучулары ар кандай предметтер боюнча кирүү сынактарына даярдашат. Катышуучулар өз тандаган бир же бир нече предмет боюнча билим ала алышат.
- Орус тили
- Математика
- Тарых
- Биология
- Адабият
- Коом таануу
- Журналистика
- Бажы ишинин тарыхы
Сынактарды Бишкек же Ош шаарларында тапшырууга болот. Ал эми эң жакшы жыйынтык көрсөткөн абитуриенттер квота боюнча бюджеттик орундарга талапкер боло алышат.











