Жогорку Кенештин депутаты Алтынгүл Мурзакимова парламенттин жыйынында «Альянс Курулуш Плюс» курулуш компаниясынын дольщиктарынын абалы боюнча укук коргоо органдарына тергөө жүргүзүүнү сунуштады. Жарандар Бишкек шаарындагы беш блоктон турган беш кабаттуу турак жай комплексине акча салып, бирок өз укуктарын ала албай келишет.
Адамдар батир сатып алуу үчүн акыркы акчаларын беришкен. Курулуш бүтпөй калды. Дольщиктардын акчасы кайда кетти деген суроо жаралууда?
Депутаттын маалыматы боюнча, компаниянын жетекчиси Максим Альянов мурда кармалган, бирок соттун чечими менен бошотулган. Андан тышкары, жарандардын айтымында, ал Кыргызстанды таштап, Казакстанга кетип калышы мүмкүн жана ал жерде Максим Мизрахи деген башка ысым менен жүрүп жаткан болушу ыктымал.
Ошондой эле Мурзакимова компаниянын жетекчисинин орун басары Турдахун Юнусович жоопкерчиликке тартылбай, Бишкек шаарында жашап жатканын белгилеп, мамлекеттик органдарга бул иштерге толук тергөө жүргүзүүнү жана курулуш фирмасынын жетекчилигинин аракеттерине укуктук баа берүүнү суранды.












