Бишкектин Арча-Бешик конушундагы Аксы көчөсүндө жайгашкан беш кабаттуу үйдүн курулушу он жылдан бери токтоп турат. Курулуш министрлиги бул имаратты бүтүрүү пландап жатканын билдирди. Бул тууралуу ведомствонун пресс-кызматы маалымдайт.
8-ноябрда Курулуш министрлигинин орун басары Бакай Турдугулов Аксы көчөсү, 15 дарегиндеги бүтпөгөн имаратты көрүп чыгып, үйүн күтүп жаткан дольщиктер менен жолугушту.
Имараттын мүнөздөмөсү
Курулуш иштери 2016-жылы «Альянс Курулуш Плюс» компаниясы тарабынан башталган. Бирок, Курулуш министрлигинин маалыматы боюнча, имарат зарыл болгон уруксат документтери жок эле курулуп, иштер ар кайсы этаптарда токтоп калган.
Жолугушуу учурунда жарандар он жыл бою өз үйүн ала албай жатканын айтып, министрликти объектти көзөмөлгө алып, курулушту аяктоону суранышты.
Бакай Турдугуловдун айтымында, имарат министрликтин карамагына өткөндөн кийин, негизги максат — курулуш иштерин бүтүрүү жана адамдарды жайгаштыруу болот. Ошону менен бирге, он жыл мурунку келишимдердеги баа менен азыркы чыгымдардын ортосундагы айырманы жөнгө салуу маселеси да чечилиши керек.
Кийинки кадам катары объектти министрликке өткөрүп берүү үчүн документтерди тариздөө иштери жүрөт. Андан соң адистер имараттын абалын текшерүү үчүн техникалык изилдөө жүргүзүп, жыйынтык чыгарышат. Ушул жыйынтыктын негизинде курулушту кайра баштоо боюнча чечим кабыл алынат.
















