Бишкек шаарындагы №9 Үй-бүлөлүк медицина борборунун эненин жана баланын ден соолугун коргоо боюнча директорунун орун басары Диляра Искакова Sputnik басма сөз борборунда өткөн брифингде балдардын аз кыймылдуулугу өлкөнүн келечегине коркунуч келтирип жатканын айтты.

Анын айтымында, балдар мектепке чейинки курактан эле телефонго "илинип" калышат. Мектеп окуучулары телефон, ноутбук менен алек болуп, узак убакыт кыймылсыз отурушат. Мунун кесепетинен семирүү, физикалык өнүгүүнүн артта калышы, көрүү жана угуу көйгөйлөрү пайда болот.

Дарыгер көптөгөн балдарда сколиоз жана жалпак таман пайда болуп жатканын белгиледи. Сколиоз эс тутумдун, кабыл алуунун бузулушуна, ошондой эле ички органдардын көйгөйлөрүнө алып келет.

Балдар мектепке чейинки курактан эле телефонго илинип калышат. Бул семирүүгө, физикалык өнүгүүнүн артта калышына, көрүү жана угуу көйгөйлөрүнө алып келет. Ошентип, келечекте биз оорулуу калкка ээ болушубуз мүмкүн.
Диляра Искакова, №9 Үй-бүлөлүк медицина борборунун директорунун орун басары

Ал кээ бир ата-энелер балдарын жалпы топтогу дене тарбия сабактарынан бошотууну суранышаарын, анткени ашыкча физикалык жүктөн коркушаарын кошумчалады.

Улуттук кардиология жана терапия борборунун гастроэнтерология бөлүмүнүн башчысы Мамираим Жумабаев фастфуд, газдалган суусундуктар жана снектерди абсолюттук жамандык деп атады.

Бул балдар жакшы көргөн азык-түлүк топтому конкреттүү кичинекей адамдын ооруларына гана эмес, бүтүндөй улуттун деградациясына алып келет.
Мамираим Жумабаев, гастроэнтерология бөлүмүнүн башчысы