Аз кыймылдуу жашоо жана анын коркунучтары
Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун билдиришинче, Кыргызстандын жарандарынын 76,2%ы аз кыймылдуу жашоо өткөрөт. Мындай жашоо образы олуттуу оорулардын өнүгүү коркунучун жогорулатат.
Физикалык активдүүлүктүн ден соолукка таасири
Физикалык активдүүлүктүн бардык түрлөрү ден соолукка оң таасирин тийгизет:
- Кан басымын нормалдаштырат;
- Салмакты азайтууга жардам берет;
- Жүрөк-кан тамыр системасын машыктырат;
- Кандагы холестерин менен канттын деңгээлин нормалдаштырат.
Бул гипертония, инсульт, жүрөктүн ишемиялык оорусу, диабет жана онкологиялык оорулардын өнүгүү коркунучун төмөндөтөт.
Сунушталган активдүүлүк нормалары
Балдар жана өспүрүмдөр (6–17 жаш)
Күнүнө жалпы 1 саат орточо жана интенсивдүү физикалык активдүүлүк менен алектениши керек. Бир сааттан ашык жүк ден соолукка кошумча пайда алып келет.
Чоңдор (18–64 жаш)
Аптасына кеминде 2 саат 30 мүнөт орточо интенсивдүүлүктө, же 1 саат 15 мүнөт жогорку интенсивдүүлүктө физикалык активдүүлүк менен алектениши керек. Ар бир машыгуу кеминде 10 мүнөткө созулушу зарыл.
65 жаштан жогорку чоңдор
Ден соолугуна жана мүмкүнчүлүктөрүнө жараша физикалык жактан активдүү болушу керек.
Физикалык активдүүлүктүн түрлөрү
Орточо физикалык активдүүлүккө төмөнкүлөр кирет:
- Ылдам басуу;
- Тепкич менен чыгуу;
- Бакчада жана огороддо иштөө;
- Бийлөө;
- Балдар менен активдүү оюндар;
- Үй жумуштары;
- Талаа жумуштары;
- Салмагы 20 кг ашпаган буюмдарды ташуу.
Интенсивдүү физикалык активдүүлүккө төмөнкүлөр кирет:
- Чуркоо;
- Өтө тез басуу;
- Велосипедди тез айдоо;
- Короодогу оор жумуштар (отун жаруу ж.б.).
















