Балдардын скошуу оорусу же сколиоздун өнүгүшүнө каршы туруунун маанилүү жолу — баланын омурткасынын абалын эрте жаштан баштап көзөмөлдөө. Омуртка туура эмес өсүшү баланын ден соолугуна олуттуу таасир этет.
Адистер баланы катуу төшөктө уктоого шарт түзүүнү, подушка колдонбоону сунуш кылышат. Мындан тышкары, бала өз алдынча отуруп үйрөнгөнчө эрте отургузуудан алыс болуу керек.
Балдардын денеси эң активдүү өсүү мезгилдери 6 айдан 1 жашка чейинки жана 5-8 жаштагы доорлор болуп эсептелет. Бул учурларда омуртканы бурмалоо тобокелдиги жогорулайт.
Сколиоозго себепкер боло турган факторлорго аз кыймылдуу турмуш образы, туура эмес отуруу абалы, бир тарабына жүк көтөрүү, булчуңдардын алсыздыгы, жаракаттар жана гормоналдык өзгөрүүлөр аркылуу сөөктөрдүн тыгыздыгынын төмөндөөсү кирет.










