Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун адистери телефондун балдардын өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизерин эскертишүүдө. Балдар неврологу Асель Кадырова менен болгон маекте ал санариптик технологиялардын доорунда ата-энелердин балаларды тынчтандыруу үчүн телефонду колдонуусунун кесепеттери тууралуу айтты.

Адиссинчө, ата-энелер иш менен алек болуп жатканда, баланы тынчтандыруу үчүн телефонду берип коюшат. Натыйжада, бүгүнкү күндө балдар убактысынын көбүн телефондо өткөрүүдө.

Баланын нейрондук байланыштары калыптанып жаткан учурда, алар туура эмес калыптанып калат. Эки жашка келгенде ата-энелер бир нерсе туура эмес экенин байкашат. Бул баланын жүрүм-турумунда же сүйлөөсүндө бузулуулар болбошу керек эле, бирок ал телефондо отурганы үчүн бул белгилер көрүнө баштады.
Асель Кадырова, балдар неврологу

Невролог баланын өнүгүү көндүмдөрүнүн иерархиясы бар экенин, анын негизин мотордук нерв системасынын өнүгүүсү түзөрүн белгиледи. Бул баланын горизонталдык абалынан вертикалдык абалга өтүүсү жана андан кийин сенсордук тажрыйба топтошу менен байланыштуу.

Сенсордук системанын көндүмдөрү жети сезим органдары аркылуу иштеп, бала түстөрдү, өлчөмдөрдү, формаларды жана даамдарды таанып-билүүсү керек. Бул үчүн бала менен тирүү баарлашуу жана сенсордук тажрыйба өтө маанилүү.