Ала-Арча тоолорунда жолду жоготуп калган 17 жашар өспүрүмдү куткаруучулар табышты. Жаш бала тоого жалгыз эле чыгып, кайра кайтып бара турган жолун таба албай калган. Бул тууралуу маалымат 28-ноябрь күнү саат 18:59да Өзгөчө кырдаалдар министрлигине келип түшкөн.

Куткаруучулар өспүрүмдү саат 20:34да Тепши аймагынын жогору жагында, Комсомолец чокусуна бараткан жолдо табышкан. Ал жерде жаш балага биринчи жардам көрсөтүлүп, саат 21:45де базага ийгиликтүү түшүрүлгөн. Андан соң ал милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

МЧС кызматынын билдирүүсүнө ылайык, учурда өспүрүмдүн абалы канааттандырарлык.