Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Жаргылчак айылында 130 окуучуну кабыл алууга эсептелген жаңы мектептин курулушу башталды. Бул долбоор айылдагы билим берүү шарттарын жакшыртуу жана балдар үчүн заманбап талаптарга жооп берген чөйрө түзүү максатында ишке ашырылууда.

17-ноябрда мектептин курулушуна капсула салуу аземи өттү. Иш-чарага Жети-Өгүз районунун жетекчилиги, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, айыл аксакалдарын жана жергиликтүү тургундар катышты.

Мектептин курулушу жеке ишкерлердин колдоосу менен жүргүзүлүүдө. Жаңы окуу жайдын пайда болушу айылдын социалдык өнүгүүсүндө маанилүү кадам болот.

Жаңы мектептин курулушу айылдын социалдык өнүгүүсүндөгү маанилүү кадамдардын бири.
Жазгүл Алымбекова, Жаргылчак айыл өкмөтүнүн башчысы