Араван районунун Салтанат Юсупова айылынын аймагында Шарипов мектебинин жаңы 250 орундуу корпусу 2025-жылдын ноябрь айында расмий ачылган. Бирок имарат азыркы күнгө чейин иштебей келет.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, мектептин ишке киришине уруксат берилбейт. Стройка башында ашар жолу менен эски имараттын ордуна курулуп, жергиликтүү жана чет өлкөдө жүргөн мигранттар 8 миллион сом чогултушкан.

Мамлекеттик бюджеттен 9 миллион сомдон ашуун каражат бөлүнүп, мектеп толук бүткөрүлгөн жана мебель менен жабдылган. Бирок дадил ачылып, окуучуларга колдонууга берилбей жатат.

Тургундар курулуш уруксат кагаздары жок башталган деген жүйөлөрдү төгүндөп, себебин түшүндүрүүнү жана мектептин тез арада пайдаланууга берилишин талап кылышууда. Алар аймактын жетекчилигинен кагаздарды оңдоп, балдардын билим алуусуна шарт түзүүнү суранууда.

Жалпысынан 12-13 миллион сомдук инвестиция жана жергиликтүү калктын эмгеги жумшалган мектептин жабык калышы аймакта нааразычылыкты жаратууда.