Мамлекет башчысы ГИК (Государственная ипотечная компания) аркылуу курулган 24 кабаттуу үйлөрдүн тургундарына кайрылды. Анын айтымында, айрым кошуналар чатырга чогулуп, пиво ичип, тамеки чегип, өздөрүнөн кийин таштанды калтырышат.

Жапаров белгилегендей, жамгыр суусу ал таштандыны суу түтүктөрүнө агызып кирип, натыйжада түтүктөр бүтөлүп калат. Мындай көрүнүш былтыркы жазда Караколдо да катталган.

Аларга шылтоо гана бер, дароо «курулган үйлөрдүн чатыры агып жатат» деп жаза башташат. Ошондуктан сак болгула. Дагы бир нерсе, ата-энелер, балдарыңарга лифтте ойноого тыюу салгыла.
Садыр Жапаров, президент

Президент оппозициялык блогерлер кубаныч үчүн шылтоо издеп жүргөнүн, ошондуктан тургундардын тартиптүү болушу зарылдыгын кошумчалады.

Бүгүн Жапаров Бишкектеги «Мурас» турак жай комплексинде (мурдагы колониянын ордунда курулган) 1 104 ипотекалык батирдин ачкычын ээлерине тапшырды. Бул курулуштун үчүнчү этабы, ал эми төртүнчү этап келерки жылдын май айында бүтөт (1 584 батир). Жалпысынан комплекс 39 блоктон жана 4 754 батирден турат.