Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, Ноокен районунда 2008-жылы туулган Айгерим Рахманалиевна Жолдошова изделүүдө.
Милицияга Шамалды-Сай шаарчасынын тургуну кайрылып, кызынын дайынсыз жоголгонун айткан. Анын айтымында, кыз 28-октябрда саат 10:00 чамасында жумушка кетем деп чыгып кеткен. Ошондон бери анын кайда экени белгисиз.
Жоголгон кыздын сыпаттамасы
- Бою
- 160–165 см
- Дене түзүлүшү
- арык
- Көзү, кашы
- кара
- Чачы
- кара
- Өзгөчө белгилери
- жок
Кыз жоголгон күнү кандай кийим кийип жүргөнү белгисиз.
Милиция кызды издөө иштерин улантууда.




















