30-июль күнү Чүй облусунун Жайыл районунда жайгашкан Новониколаевка айылында кампада өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу кызматынан билдиришти.
Өрт чыккан жерге төрт өрт өчүрүү бөлүмү жана суу ташуучу автоунаа жөнөтүлдү. Алардын жардамы менен өрт саат 13:20га карата чектелди.
Учурда куткаруучулар өрттү толук өчүрүү иштерин улантып жатышат.

