Чүй облусундагы Кызыл-Ой айылында мектептин эски имаратында бала бакчада өрт чыкты. Билим берүү жана илим министрлигинин билдирүүсүнө ылайык, бул имаратта жаңы мектеп ачылгандан кийин бала бакча иштеп жаткан.

Өрт окуучулар мекемеге келгенге чейин болгондуктан, балдардын коопсуздугу сакталган. Имараттын ичинде бала бакча менен бирге китепкана да жайгашкан.