Саламаттык сактоо министрлигинин коллегиясынын жыйынында «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасы аркылуу борборлоштурулган тартипте сатып алына турган дары-дармектерге жана медициналык буюмдарга билдирмелерди өз убагында жана сапаттуу түзүү маселеси каралды.
Ведомствонун пресс-борборунун маалыматы боюнча, 2027-жылга карата ооруканалар тарабынан берилген билдирмелердеги көптөгөн каталар, так эмес маалыматтар жана мөөнөттүн бузулушу бул маселенин козголушуна себеп болгон. Бул каталар изилдөө, сатып алуу жана керектүү дары-дармектерди жеткирүү мөөнөттөрүн бир нече жолу жылдырууга мажбур кылган.
Кээ бир ооруканалардын билдирмелерди кечиктиргени жана ката кетиргени пациенттерди дарылар менен үзгүлтүксүз камсыз кылууга жана сатып алууларды өз убагында пландаштырууга тоскоолдук жараткан.
Туура эмес билдирмелер мамлекеттик каражаттардын натыйжасыз коротулушуна жана дарылардын жетишсиздигине алып келиши мүмкүн. Ошондуктан ар бир оорукана өзүнүн реалдуу муктаждыгы тууралуу так жана негизделген маалыматтарды берүүгө тийиш.
Коллегиянын чечимине ылайык, ката кетирген саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилерине карата төмөнкүдөй тартиптик чаралар колдонулат:
Тартиптик чаралардын саны

















