Баткен районунун Жаңы-Жер айылындагы «Актилек» балдар бакчасында кошумча окуу корпусу пайдаланууга берилди. Бул жаңы имараттын ачылышы менен балдардын мектепке чейинки билим алуусуна ыңгайлуу шарт түзүлгөндүгү белгиленди.
Кошумча корпусту оңдоп-түзөө иштери «Келечек үчүн билим берүү» долбоорунун жана айыл өкмөтүнүн колдоосу менен жүргүзүлгөн. Жаңы корпус бир кабаттуу имарат болуп, эки окуу бөлмөсүн, ички санитардык түйүндү жана усулдук бөлмөнү камтыйт.
Учурда балдар бакчасында 100 бала тарбияланып, 8 тарбиячы иштеп жатышат. Балдар бакчасынын негизги имараттары 1982-жылы курулган, ал эми мекеме 2007-жылы ЮНИСЕФ уюмунун жана айыл өкмөтүнүн жардамы менен ишке кирген.
Жаңы корпус ачылгандан кийин, эки кыска мөөнөттүү тайпа түзүлүп, дагы 60 баланы мектепке чейинки билим берүү жана тарбия менен камтууга мүмкүнчүлүк пайда болот.




















