Аскердик прокуратура чогултулган материалдардын жана соттук-техникалык экспертизалардын корутундусунун негизинде КР Куралдуу Күчтөрүнүн Аба коргонуу күчтөрүнүн мурдагы командачысы К. А. менен № 23565 аскердик бөлүгүнүн командири Д. Д. кармалганын маалымдады.
2024-жылдын 17-январында № 23565 аскердик бөлүктүн аэродромунун аймагында окуу-машыгуу учурунда Ми-8 типтеги аскердик вертолет кулап кеткен. Бул окуянын кесепетинен вертолеттун командири С. Ж. каза болгон, ал эми дагы 10 аскер кызматкери ар кандай деңгээлдеги жаракаттарды алган.
Кырсыктын кесепеттери
50 000 000 сомдон мамлекетке келтирилген зыян
Вертолеттин кулашынан мамлекетке келтирилген материалдык чыгым 50 миллион сомдон ашты.
Учурда аскердик прокуратура кырсыктын бардык жагдайларын аныктоо үчүн тергөө иштерин улантууда. Тергөө иштеринин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин командалык курамындагы кызматтык адамдардын иш-аракеттерине укуктук баа берилет.










