Министрлер Кабинети «Кыргызгеология» мамлекеттик ишканасына Чоң-Алай районундагы Каракабак аянтында сурьманы издөө боюнча иштерди жүргүзүүгө укук берди. Бул боюнча тиешелүү №864-т тескемеси 2026-жылдын 18-ноябрында кабыл алынган.
Изилдөө иштерин жүргүзүүдө мамлекеттик саясаттын алкагында жер кендерин пайдалануу жана өлкөнүн сырьелык потенциалын жогорулатуу максат кылынган. Ошону менен бирге, ишканага тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана колдонуу боюнча мыйзам талаптарын так сактоо милдети жүктөлгөн.








