Кыргызстанда инвесторлорго салык жеңилдиктерин берүү тартибин өзгөртүү боюнча жаңы механизм иштелип чыкты. Министрлер Кабинетинин тиешелүү токтомдун долбоору учурда коомдук талкуу үчүн сунушталды.
Экономика жана коммерция министрлигинин маалыматы боюнча, бул документ Президент администрациясынын тапшырмасы менен иштелип чыккан. Бул чечим парламенттин октябрь айынын аягында салык мыйзамдарына киргизген өзгөртүүлөрүнөн кийин кабыл алынган.
Жаңы тартипке ылайык, инвестор өкмөт менен түзүлгөн инвестициялык келишимдин негизинде салыктар жана ставкалар боюнча конкреттүү жеңилдиктерди, ошондой эле Салык кодексинде каралбаган өзгөчө шарттарды өз алдынча суранат. Бирок, бул жаңы салыктарды киргизүү укугун бербейт.
Учурда салык жеңилдиктери үч түрдөгү салык менен чектелген жана алардын мөөнөтү беш жылга чейин созулат.
Учурдагы чектөөлөр
Инвестициялык келишимди түзүү жана жеңилдиктерди алуу үчүн инвестор төмөнкүдөй милдеттенмелерди аткарышы керек:
- Ар бир салык боюнча жана ар бир жыл үчүн бюджеттик жоготуулардын алдын ала эсебин берүү
- Экономикалык негиздеме сунуштоо
- Инвестициялардын көлөмү жана жумуш орундарын түзүү боюнча милдеттенмелерди алуу
Жеңилдиктердин колдонуу мөөнөтү арыз берилген учурда жекече аныкталат жана инвестициялык келишимдин шарттарында бекитилет.







