Министрлер Кабинети «Кыргызгеология» мамлекеттик ишканасына Ош облусунун Узген районундагы Читты көмүр кенинин жер ресурстарын пайдалануу жана геологиялык изилдөө иштерин жүргүзүү укугун берди.

Бул боюнча тиешелүү №829-т тескемеси 2026-жылдын 5-ноябрында кабыл алынган.

3469гектар
829-ттескеменин номери

Геологиялык изилдөө иштери жүргүзүлө турган ачаектин аянты 3469 гектарды түзөт. Иштер башталганга чейин «Кыргызгеология» ишканасы тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө мыйзамдардын талаптарынын сакталышын камсыз кылууга милдеттүү.

Бул чечимдин аткарылышын Президенттин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдеринин аткарылышын контролдоо башкармалыгы көзөмөлгө алат.