Москва шаарында 1-августтан 2-августка чейин аба ырайынын оранжевый деңгээли жарыяланды. Бул тууралуу Россиянын Гидрометцентри маалымдады.
Болжол боюнча, борбор калаада 1-августта температура +30 градуска чейин, ал эми 2-августта +31 градуска жете алат.
Оранжевый деңгээл 2-августтун саат 16:00дө чейин күчүндө болоору айтылууда.
Шаарларга келген ысык абаны түштүк-батыштан келген антициклон алып келди.













