Душанбе шаарында өткөн борбордук банктардын өкүлдөрүнүн жолугушууда Азербайджан, Казакстан, Кыргызстан, Таджикистан жана Өзбекстан өлкөлөрү төлөм системаларын бириктирүү боюнча алдын ала макулдашууга жетишти. Бул чечим өлкөлөр аралык сооданын көлөмүн жана туристтердин алмашуусун жогорулатууну көздөйт.

Төлөмдөрдү интеграциялоо үчүн беш мамлекеттин улуттук төлөм системаларынын операторлору жана банктардын өкүлдөрү катышкан биргелешкен жумушчу топ түзүлөт. Аталган топ төлөм билдирүүлөрүн алмашуу форматын, реквизиттердин түзүмүн жана коопсуздук талаптарын макулдашуу менен алектенет. Иштин жыйынтыгы катары жаңы интеграциялык демилгени этап-этабы менен ишке ашыруу боюнча жол картасы түзүлөт.

Кыргыз тараптан Душанбедеги жолугушууга Улуттук банктын башкармалыгынын мүчөсү Санжар Абдыгазиев жетектеген делегация катышты. Кыргызстандын өкүлдөрү өзүнүн төлөм инфраструктурасынын өнүгүүсү, анын ичинде QR-коддун бирдиктүү улуттук стандарты (ELQR), трансчектеш төлөм сервистери жана эсептешүүлөрдүн коопсуздугун камсыздоо боюнча чаралар тууралуу маалымат беришти.