«Чакан ГЭС» ААК Балыкчы — Нарын трассасынын боюна Балыкчы шаарында үч заряддоочу станция орнотту жана аларды ишке киргизүүгө даярдап жатат. Бул тууралуу компаниянын сайтында 9-ноябрда маалымдалган.

Жаңы станциялардын орнотулушу боюнча пландар төмөнкүдөй:

  • Кочкор районунун Тендик айылында — үч станция
  • Чолпон-Ата шаарында — эки станция

Компаниянын маалыматы боюнча, 2026-жылы Ысык-Көл облусунда жалпысынан 14 заряддоочу станция иштетилди. Бул тармакты өнүктүрүү иштери 2025-жылы башталган.

2Бишкек шаарында
4Чүй облусунда
4Жалал-Абад облусунда (Кара-Көл)

Буга чейин Энергетика министри Алтынбек Рысбеков парламентте сүйлөп, өлкө боюнча электр унаалары үчүн заряддоочу станцияларды куруу иштерин Энергетика министрлиги борборлоштурурушу керектигин айткан. Анын айтымында, учурда жеке компанияларга мындай курулуштар үчүн уруксат берилбейт.