Түп районунун Корумду айылынын тургуну Самат Шулгаубаев өзүнүн үйүнүн жанындагы бакчада карагайлуу дарактардын ар кандай түрлөрүн өстүрүүдө. Ал 2017-жылдан бери Түп токой чарбасында токойчу болуп иштеп келет. Токой чарбасына иштеп баштагандан кийин, ал карагайлардын уруктарын чогултууга жана аларды өстүрүүгө кызыгып калган.
Токой чарбасына иштеп баштагандан кийин, карагайлардын уруктарын чогултууга жана аларды өстүрүүгө кызыгып калганмын. Андан кийин көчөттөрдү үйүмдүн жанындагы бакчага отургузууну чечтим. Жумушка барып-келе жатканда алар менен алектенип турам. Ар бир даракка кам көрүү мага жакшы эс алууга жардам берет.
Өсүмдүктөрдү өстүрүү процесси көптөгөн эмгекти талап кылат. Саматтын айтымында, ар бир дарактын мөмөсүн (шишкасын) чогултуу убактысы өзүнчө. Алар тоолордон чогултулуп, үйгө алып келинет. Таза жерге жайылып, болжол менен 10 күндөн кийин мөмөлөр ачылып, уруктары түшкөндө, аларды жыйнашат.
Мисалы, көк карагайдын мөмөлөрү июль айынын аягында же августтун башында чогултулат. Ал эми карагайдын мөмөлөрү январь же февраль айларында жыйналат. Мөмөлөрдөн алынган уруктарды таза айнек идиштерде сактап, жазга чейин кургатуу керек. Жаз келгенде аларды жерге чачып, кийин жаңы жерге которуп, кам көрүүнү баштоо зарыл.













