Айгүл Жапарова өз сөзүндө үй-бүлөлүк зомбулук учурларынын айланасындагы коомдук унчукпоо олуттуу көйгөй бойдон калып жатканын баса белгиледи.
Анын айтымында, ар бир жабыр тарткан аялдын жана кыздын үнүн угушубуз керек, аларга укуктук, психологиялык жана социалдык жардам көрсөтүү, ошондой эле мамлекеттик органдар менен коомдук уюмдардын өз ара аракеттенүүсүн күчөтүү зарыл.
Келгиле, ар бир аял өз үйүндө коопсуздукту сезе турган, ар бир бала сүйүү жана камкордук ичинде өсө турган коомду чогуу куралы.
Өзүнчө эле биринчи айым аялдардын саясий жана коомдук жашоого катышуусу маселелерине токтолду. Ал Кыргызстандын мыйзамдары Жогорку Кеңеште аялдарга депутаттык мандаттардын кеминде 30 пайызын бөлүүнү караштырарын эске салды.
Айгүл Жапарова үй-бүлөгө кам көрүү аялдардын билим алуусуна, кесиптик өнүгүүсүнө жана өзүн ишке ашыруусуна тоскоол болбошу керектигин баса белгиледи.
Мамлекеттик колдоо чаралары тууралуу айтып жатып, ал 3 жашка чейинки балдарга арналган «Бала ырысы» ай сайын төлөнүүчү жөлөк пулду жана «Менин үйүм» турак-жай программасын эске салды.
Сөздүн дагы бир темасы балдардын интернеттеги коопсуздугу болду. Айгүл Жапарова балдарды санариптик чөйрөдөгү коркунучтардан коргоо боюнча биргелешкен аракеттердин маанилүүлүгүнө көңүл бурду.
Жыйын Түрк мамлекеттер уюмунун алкагында өтүп, анда катышуучулар үй-бүлө институтун бекемдөө, аялдардын укуктарын коргоо жана балдардын бакубаттуулугун камсыз кылуу маселелерин талкуулашты.

























