Бишкек шаарында өткөн жыйында 2027–2030-жылдарга карата жалпы билим берүү уюмдары үчүн окуу китептерин жана окуу-методикалык комплекстерди чыгаруу боюнча мамлекеттик программанын долбоору талкууланды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов жыйындын жүрүшүндө программанын иш-чаралар планынын долбоорун, окуу китептеринин сапатын камсыздоо маселелерин, экспертиза өткөрүү механизмдерин өркүндөтүүнү, ошондой эле мектеп китепканаларын санариптештирүүнү карап чыкты.
Санариптештирүүгө өзгөчө көңүл бурулду
Улан Маматканов окуу китептерине заказ түзүүдөн баштап, аларды басып чыгаруу, бөлүштүрүү жана акыркы керектөөчүгө жеткирүүгө чейинки бардык процесстерди санариптештирүү зарылдыгын баса белгиледи.
Ал ошондой эле мамлекеттик программанын долбоорун сапаттуу жана өз убагында иштеп чыгууну, протоколдук тапшырмалардын аткарылышын камсыздоону, эксперттик топторду түзүү жана алардын жоопкерчилигин жогорулатуу боюнча иштерди ырааттуу жүргүзүүнү тапшырды.
Ошондой эле жыйында окуу китептеринин экспертизасына адистерди тартуу үчүн арналган «Эксперт» автоматташтырылган маалыматтык системасы тааныштырылды.
Белгилей кетсек, мамлекеттик программанын долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун жыйындары жума сайын өткөрүлүп турат. Буга чейин Улан Маматканов 2027–2030-жылдарга карата болжол менен 38 миллион нуска окуу китебин чыгаруу зарылдыгын билдирген.



























