Бишкек мэриясынын маалыматы боюнча, Токтогул көчөсүндө Абдрахманов көчөсүнөн И. Айдарбеков көчөсүнө чейин велосипед жолдорун жабдуу иштери жүрүп жатат. Бул үчүн «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы жол белгилерин чийип, негизги жолдон бөлүп турган атайын делиниаторлорду орнотууда.

Бул чаралар жол кыймылынын бардык катышуучуларынын коопсуздугун жогорулатууга, шаар ичинде кыймылдоону жеңилдетүүгө жана борбор калаанын велосипед инфраструктурасын өнүктүрүүгө шарт түзөт.

Шаардагы абал

77километр
77велосипед жолдору түзүлгөн

Аталган жаңы тилке велосипед айдоочулары, самокат айдоочулары жана башка ушул сыяктуу транспорт колдонуучулары үчүн арналган.