Бишкек шаарынын мэриясынын маалыматы боюнча, 8-ноябрда велосезондун жабылышы өтөт. Бул иш-чарага каалоочулардын баары чакырылат.

Велоколонна саат 10:00дө Данияр Асанов атындагы Жеңиш паркынан старт алат. Катышуучулар 5,4 чакырым аралыкты басып өтүшөт, ал эми финиш «Газпром — детям» дене тарбия-ден соолук комплексинин алдында болот.

Каттоо жана маршрут

Катышуу үчүн каттоо саат 08:30дан 09:45ке чейин Жеңиш паркында өткөрүлөт. Уюштуруучулар бардык каалоочуларды эртең мененки убакытты активдүү өткөрүп, велосезонду бирге аяктоого чакырышат.

Мэрия айдоочулардан убакытты эске алып, маршрутун алдын ала пландаштырууну өтүнөт.