Кыргызстандын Кубогун утуп алган «Нефтчи» футбол клубунун оюнчулары эки айлык эмгек акы жана сыйлык акыларын ала албай жатышат. Бул тууралуу Kyrgyz Football Telegram-каналы билдирди.
Маалыматка ылайык, команда 2026-жылдын Кубогун багындырган, бирок сезон аяктагандан бери төлөмдөр чечилген эмес. Оюнчулар өз убактысында акыларын алып, үй-бүлөлөрү менен эс алууну пландап жатышкан.
Учурда футболчулар клуб жетекчилигинен төлөмдөрдү күтүүдө жана бул жагдай алардын эс алуу планына терс таасирин тийгизүүдө.






