11-ноябрда Жогорку Кенештин жыйынында депутат Исманали Жороев электрондук сигареттердин айланып жүрүшүнө карата мамлекеттик органдарга катуу көзөмөл жүргүзүү боюнча сунуш айтты. Ал 2025-жылдын 1-июлунан тарта Кыргызстанда суюктукту камтыган электрондук сигареттерди ташып келүүгө жана сатууга тыюу салынганын эске салды.

Депутаттын айтымында, тыюу салууга карабастан, электрондук сигареттер көчөлөрдө, мектептерде жана башка коомдук жайларда эркин колдонулуп жатат. Ал бул маселенин өспүрүмдөр арасындагы таралышына өзгөчө коңгуроо кагып, анын ден соолукка тийгизген коркунучтуулугун баса белгиледи.

Тыюу салууга карабастан, электрондук сигареттер эркин сатылып, таралып жатат. Эмне үчүн өспүрүмдөр аларды сатып ала алышат? Бишкек гана эмес, парктарда жана аймактарда кыз-келиндердин ичкендерин көрүүдө. Эгерде кадимки тамекилер никотин менен кооптуу болсо, бул жерде — химиялык заттар
Исманали Жороев
  • 2025-жыл, 1-июль — Электрондук сигареттерди ташып келүүгө жана сатууга тыюу салуунун күчүнө кирүүсү