Кыргызстанда 2024-жылдын биринчи жарым жылдыгында кайра иштетүүчү өнөр жай жалпы өндүрүштүн негизги бөлүгүн түзүп, 79%га жетти. Бул сектор өнөр-жайдагы негизги кыймылдаткыч болуп калды.
Улуттук статистика комитетинин адиси Айнура Маманованын маалыматына караганда, пайдалуу кен казуу жана электр энергиясы, газ, пар өндүрүү ар бири жалпы өндүрүштүн 10%ын түздү. Ал эми суу түтүктөрүн камсыздоо, таштандыларды тазалоо жана кайра иштетүү 1%га барабар.
Кайра иштетүүчү өнөр жайдын түзүмү
Кайра иштетүүчү өнөр жайдын ичинен негизги металлдарды өндүрүү 60%ды, тамак-аш азыктарын иштетүү 16%ды, курулуш материалдарын чыгаруу 10%ды түздү. Нефтепродукттар 4%, текстиль жана кийим-кече 3% укташта орун алды.
Аймактар боюнча өндүрүштүн өсүшү
Бардык региондордо өнөр жай өндүрүшүнүн өсүшү байкалды. Чүй облусунда өндүрүштүн көлөмү 201 млрд сомдон ашып, 19%га өстү. Бишкекте 76 млрд сом продукция чыгарылып, өткөн жылга салыштырмалуу 16%га көбөйдү.
Ысык-Көл облусунда 73 млрд сомдук продукция өндүрүлүп, өсүш 22,5% түздү, Жалал-Абад облусунда болсо 32 млрд сом өндүрүшкө жетип, 11%га жогорулады.
Аймактар боюнча өнөр жай өндүрүшүнүн үлүшү

















